Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ууктуруучу зат. Билбеген уу ичет (макал). Жыландын териси кооз, тиши – уу (макал). 2. өт. Кайгы, зар, муң, азап. Муну көрүп, аны уккан соң, карынын жүрөгүн уу, кыялдарын дат алды (Токомбаев). Асан карыя көптү көргөн, ичпеген суусу, татпаган уусу жоктур (Токомбаев). 3. өт. Жан кейите турган, жанга баткан. Курбалынын көзүнчө катуу кагуу жеп сөөктү сыздаткан уу тил угуп, Көкө шалдая түштү (Касымбеков). Уу тырмагын манаптар, Кабыргага батырган (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мергенчилик, аңчылык, балык кармоочулук. Атышып аркар, кулжа үч бир тууган, Ар күнү уу уулашты, ойдон-кырдан (Үмөталиев). Мергендин адаты ууга чыгыш, менин адатым шыралга алыш (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир иштин шарты, ыгы, жолу, жөн-жайы, ички сыры. Жердин уусун билишкен, Кебек өзүнүн он аскери менен жол чалып келе жатат (Жантөшев).